www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунда уурдалган унаалар табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, Каракол шаарындагы ички иштер бөлүмүнө унаалар уурдалганы боюнча облустун эки тургуну кайрылган. С.Д.  аттуу жабырлануучунун “Ниссан Террано” үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар Каракол шаарынын Кыдыр-Аке көчөсүнөн уурдап кетишкен. М.Ш. аттуу дагы бир жабырлануучунун “Ауди 80” унаасын белгисиз адамдар Орозбеков көчөсүндө жайгашкан гараждан уурдап кетишкен.

Эки факт тең Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнө Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде уурулук беренеси менен катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган.

“Ууру” жана “Унаа издөө” операциясынын алкагында Ысык-Көл облусунун ички иштер бөлүмүнүн жана жол коопсуздугунун кызматкерлери тарабынан уурдалган автоунаалар табылган. Уурдалган “Ниссан Террано” Ак-Суу районунун Теплоключенко айылынан табылса, “Ауди” автоунаасы Караколдун четинен табылган. 

Атайын териштирүү ишинде “Ниссанды” уурдады деп шектелип 25 жаштагы Каракол шаарынын тургуну, мурда уурулук менен соттолгон Ж. Артур, “Ауди” автоунаасын уурдаган деп жабырлануучунун 17 жаштагы небереси Ш. Максим кармалган. 

Кылмышка шектүүлөр үй камагына алынып, учурда тергөө иштери жүрүүдө. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости