www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чемодан
Өзү жаңжалды эжем баштайт. Жездем кудайдын момуну. Мен, иним, карындашым болуп эки бөлмө үйүнө кирип алганбыз. Аны деле эрөөн-терөөн көрбөйт, жездем бечара. Бара турган жери жок болсо деле, эжем, “кетем” деп түйүнчөгүн түйүнүп жөнөп калат. Айылдагы үйдү кулпу кайтарганы качан?!
Күүгүм кирип калган. Жаңжал неден чыкты билбейм, эжем кийимдерин чемоданга сала баштады. Жездем сигаретин дембе-дем тартып, сыртта ары-бери басып жүрөт. “Менсиз оокат кылып көрсүнчү, тирмийген арбак!” деп эжем, терезеге колун кезеп коет. Үчөөбүз отурабыз мостоюп. Чемоданын сүйрөп чыгып кетти. Артынан чуркап чыгып, ынтылып кала бердим. Караңгы кирип калган.
Бөлмө тунжураган тынчтыкка бөлөндү. Эжем барда үйүбүз жүрүп бараткан поезддей, гүрү-гүү түшүп турчу. Жездем бир нерсеге бушайман болгондой, жер тиктеп отуруптур. Негедир үйгө киргим келбеди. Эжемди аяп, болушкум келгени менен жездеме не деримди билбейм. Ал деле кем сөз. Тиктешип отурабыз.
Дарбаза ачылып, Сапар байке кирип келди. Эжемдин чемоданын сүйрөп алыптыр. Артынан эжем баш бакты.
- Өй, Бакаш, сен шу адам-падам эмессиң. Аяшты курортко жөнөткөндү билгенден кийин, тосуп алганды дагы билиш керек да. Астонопкада отурат. “Өй, каяктан?” десем, “Курорттон” деп коет суйкайып. – деди Сапар байке адатынча бакылдап.
Жездемдин жүзүнөн нур тамып, сүйүнүп кеткенин байкадым. Эжем сыр бербей үйгө кирип кетти. Бөлмө ичи жаркырай түштү. Заматта дасторкон жайылып, үйүбүзгө кут кирди. Сапар байке бакылдап сүйлөп атты.
А эжем дале сыр бербейт. Чемодан шкафтын үстүндө туруп калыптыр. Негизи жаңжалды эжем баштайт...
Шекербек
Булак: NаzarNews.kg