www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Некролог - Молдомуса Конгантиев

Кыргыз коомчулугу жана укук коргоо органдары орду толгус жоготууга учурады — 64 жашында отставкадагы генерал-лейтенант, Кыргыз Республикасынын мурдагы ички иштер министри Конгантиев Молдомуса Ташболотович капысынан дүйнөдөн кайтты.

ИИМдин басма сөз кызматы нектролог менен бөлүштү. Конгантиев Молдомуса Ташболотович 1958-жылдын 31-мартында Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарында туулган. 1989-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин «укук таануу» адистиги боюнча аяктаган. Юридика илимдеринин кандидаты. Милициянын генерал-лейтенанты атайын наамга ээ.

Милицияда кызмат өтөөнү кенже жетекчилик курамдан баштаган. Ички иштер органдарындагы кызматын ал 1979-жылы күзөт бөлүмүнүн милиционери болуп баштаган, андан ары ал нөөмөтчү, участкалык инспектор, ОБХСС ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери болуп иштеген.

1993-жылдан тартып Жалал-Абад ШИИБдин начальнигинин орун басары, 1995-жылдан Жалал-Абад ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген, кийинчерээк ар кандай жетекчилик кызматтарды ээлеген. 2008-жылдын январында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри болуп дайындалган.

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөө мезгилинде өзүн укук коргоо органдарынын системасын жакшы билген жогорку кесипкөй жана демилгелүү жетекчи катары көрсөткөн. Анын аракетинин аркасында Кыргыз Республикасынын ИИМдин материалдык-техникалык базасын толугу менен жакшыртуу боюнча практикалык чаралардын комплекси ишке ашырылган.

Ал милициянын ишин өркүндөтүү, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу ишине олуттуу жеке салым кошкон. Ар кандай мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга ээ болгон. Милициянын генераллейтенанты наамына чейин кызмат өтөгөн, бирок анын үлүшүнө оор сыноолор түшкөн.

Ички иштер министрлигинин жетекчилиги, Коллегия мүчөлөрү, Ардагерлер кеңеши жана Генералдар клубу, ошондой эле ИИОнун өздүк курамы отставкадагы милициянын генерал-лейтенанты Конгантиев Молдомуса Ташболотовичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына терең кайгырып, туугандарына жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости