www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан АКШдан 38 даана Puma 3 AE чалгындоочу учкучсуз учактарды сатып алып жатканын британиялык Shephard Media басылмасы ишенимдүү булагына таянып, жазып чыкты.

Басылманын маалыматы боюнча, дрондор быйыл 30-ноябрга чейин АКШдан Өзбекстанга жеткирилет.

Shephard Defence Insight уюмунун маалыматы боюнча, анын жалпы баасы 8 миллион 540 миң долларды түзөт жана Өзбекстан бир учкучсуз учак үчүн 225 миң доллар төлөйт.

Дрондор кургакта жана деңизде чалгындоо иштерин жүргүзүүгө ылайыкташып, 15 мегапикселдүү камералар аркылуу видеого түшүрүп, ыкчам маалыматтарды түз борборго жеткирүүгө жөндөмдүү экени айтылууда.

Буга чейин Коргоо өнөр жайы боюнча мамлекеттик комитет Өзбекстан Борбор Азиядагы биринчи учкучсуз учуучу аппаратты учурганын, ал эми "Лочин" учкучсуз учактары "эл аралык техникалык талаптарга жана стандарттарга толук жооп берерин" билдирген.

Комитеттин билдирүүсүндө, учкучсуз учактар чалгындоо, сокку уруу, реалдуу убакыт режиминде байкоо жүргүзүү, артиллериялык ок атууну көзөмөлдөө сыяктуу милдеттерди аткара алат жана экономиканын башка тармактарында да колдонулушу мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости