www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Иран элин перс жаңы жылы менен куттуктаган видеосу жарыяланды. Аталган кайрылуу англис тилинде көрсөтүлүп, фарс тилинде субтитрленген.
Видеодо Нетаньяху "Ирандын эр жүрөк элине" кайрылып, бул майрамды жарыктын караңгылыкты жеңиши менен байланыштырды.
"Бул майрам иран элинин жарык караңгылыкты жеңет, ал эми жакшылык жамандыкты жеңет деген байыркы ишенимин чагылдырат", - деди ал.
Ал учурдагы жылга басым жасап: "Быйыл бул майрам өзгөчө мааниге ээ", - деди.
Нетаньяху сөзүн ачык саясий өңүттөгү жылуу каалоолор менен аяктады.
"Мен бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сиздерге, урматтуу досторум, эркиндикке толгон жыл жана үмүттүн жаңы башталышы каалайм", - деди Нетаньяху.