www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Бала ырысы" жөлөк пулу 1 200 сом өлчөмүндө белгиленет. Бул жөлөк пул Кыргызстандын жарандарына жана кайрылман статусуна ээ болгон адамдардын балдарына берилет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинин "Элден собол" берүүсүндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар бөлүмүнүн башкы адиси Адел Жомартова билдирди.
Адистин айтымында, бул жөлөк пул үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына карабастан төлөнөт.
"Бийик тоолуу аймактарда жашагандарга төлөмдөр райондук коэффициентти эсепке алуу менен жүргүзүлөт. Ошондой эле бала сөзсүз түрдө энеси менен жашашы керек деген шарт бар. Ата-энелер миграцияда болбошу зарыл", – деди ал.
Жөлөк пулду алуу үчүн негизги документтер:
Жөлөк пулду алуу үчүн Эмгек министрлигинин райондук башкармалыктарына арыз менен кайрылуу керектиги белгиленет.
Эскерте кетсек, март айынын башында президент Садыр Жапаров үч жашка чейинки бардык балдар үчүн жаңы ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөк пул – "Бала ырысын" киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койгон.