www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20-март күнү Кыргыз Республикасынын аймагында мусулмандардын негизги майрамдарынын бири-Орозо айт белгиленет.

Айт намазы мечиттердин аймагында гана өткөрүлөт. Майрам күнү республика боюнча коомдук тартипти камсыздоо үчүн 10 миңден ашуун милиция кызматкери тартылат. Ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, жарандардын коопсуздугун камсыздоого жана укук бузуулардын алдын алууга өзгөчө көңүл бурушат.

Милиция жарандарды коомдук тартипти сактоого, бири-бирине урмат-сый менен мамиле кылууга жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууга чакырат.

Айт намазынын программасы (КМДБнын маалыматы боюнча):
07:30-08:00-Баяндар айтылат;
08:00-08:25-имам-хатибдердин жана мамлекеттик ишмерлердин куттуктоолору;
08:25- 08:30-Айт намазын окуунун эрежелерин түшүндүрүү;
08:30-08:50-Айт намазын окуу.

Ички иштер министрлиги бардык мусулмандарды келе жаткан Орозо айт майрамы менен куттуктап, ар бир үйгө тынчтык, бакубатчылык жана ынтымак каалайт.

 

Последние новости