www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда мал ылаңдарына каршы жазгы алдын алуу иштери башталды.
Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, республика боюнча мал ылаңдарынын алдын алуу үчүн жапырт эмдөө жана текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Анын алкагында торпокторго бруцеллезге каршы эмдөө жасалып, бодо мал текшерүүдөн өтүүдө. Ошондой эле ит-мышыктар кутурмага каршы эмделип, дегельминтизациялоо иштери жүрүп жатат.
Мындан тышкары, кой-эчкилер оспа жана бруцеллезге, ал эми бодо малдар шарп, күйдүргү жана карасанга каршы эмделет. Бардык эмдөө иштери мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
2026-жылга бул багытта 135 млн сом каражат бөлүнүп, ветеринардык кызматтар керектүү биокаражаттар менен толук камсыздалганы белгиленди.
Учурда вакциналарды туура сактоо жана колдонуу боюнча көзөмөл күчөтүлдү.