www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшембиев 3-майга чейин камакка алынды. Анын бөгөт чарасы 5-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды.
УКМК Next TV телеканалына "улуттар аралык кастыкты козутту" деген негизде кылмыш иши козголгонун 3-мартта билдирген. Ошол күнү каналдын директору Таалай Дүйшембиев эки суткага камалган.
Атайын кызмат каналдын социалдык желедеги баракчаларында Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, "Украинадагы кырдаалда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт" деген жалган кабар таратылган деп жүйө келтирүүдө.
Телеканал жетекчилиги кайсы бир булакка шилтеме берилип таратылган маалымат үчүн кылмыш ишин козгоону негизсиз деп атоодо. Каналдын ээси, саясатчы Равшан Жээнбеков муну "саясий буйрук" деп мүнөздөгөн.
Булак: NazarNews.kg