www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германиядан кийин Нидерландия дагы террорду колдоду. Түркиянын министрлеринин жыйналыш жана митинг өткөрүүсүнө бөгөт койгон Нидерландия, жикчил террор уюму ПККга митинг өткөрүү уруксатын берди.
Террор уюму ПККнын жактоочулары Нидерландиянын уруксаты менен Гаага шаарында террорист корбашчысынын портреттерин көтөрүп, уюмду символдогон чүпөрөктөрү жана жамачылары менен жүрүшкө чыкты.
Нооруз майрамдоолору катары таанытылган иш-чарага 200 чакты киши катышты.
Уюмга симпатиясы болгондор, улам-улам Түркияга каршы жана террор уюмун жактаган ураандарды чакырып жатышты.
Европа Биримдигинин террор уюмунун тизмесинде орун алганына карабастан Нидерландиянын ПККга берген уруксаты, кош стандарттуулук катары каралууда.
ПККга уруксат берген Нидерландия, түрк министрлердин иш-чара уюштуруусуна болсо бөгөт койгон. 11-мартта тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун учагынын конуусун жоюп таштап, үй-бүлө жана социалдык саясаттар министри Фатма Бетүл Саян Кая да жикчилдик жана фашисттик мамиле менен өлкөсүнөн чыгарылган.
Нидерландия өкмөтү бул бөгөт коюлууларга коопсуздук жана коомдук тартипти себеп көрсөткөн.
ПККны жактоочулар Бельгиянын борбор калаасы Брюсселде Европа Биримдигинин мекемелерине жакын жерде да нооруз деген аталыш менен иш-чара өткөрүп, 16-апрелдеги элдик добуш берүүдө президенттик өкмөт системасын да камтыган конституциялык өзгөртүүгө каршы үгүттөөсүн жүргүздү.
Жикчил террор уюмунун жактоочулары, жуманын акырында да түрк министрлерине жыйналыш өткөрүү уруксатын бербеген башка өлкө болгон Германияда митинг уюштурду.
Германия бийлигинин жикчил террор уюмуна берген уруксаты Түркиянын катуу каршы чыгуусун тартты.
Булак: "trt.net.tr"