www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы А.Ногойбаевге кызматына толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү түрүндөгү тартиптик жаза берилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Ички иликтөө кызматы Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Азамат Ногойбаевдин түз эфирде айткан билдирүүлөрү боюнча кызматтык иликтөө жүргүздү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын Тартиптик уставынын, “Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кесиптик этика кодексинин талаптарын бир катар бузуулар аныкталган. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы А.Ногойбаевдин эфирде жашы жете электерге карата сексуалдык кылмыштар боюнча туура эмес билдирүүлөрү коомчулукта резонанс жаратып, ички иштер органдарынын дарегине терс билдирүүлөрдүн айтылышына себеп болгон.

"Кызматтык иликтөөнүн корутундусуна ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы А.Ногойбаевге кызматына толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү түрүндөгү тартиптик жаза берилди", - деп айтылат маалыматта.

Последние новости