www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кемпир-Абад иши» боюнча камакта кармалгандардын алтоо кечээ күнү сот чечими менен үй камагына чыгарылды. Алар, негизинен, камак учурунда операция болгон же катуу ооругандар. Буга чейин дагы 3 адам үй камагына чыгарылган, ошондо октябрда кармалган отузга жакын жарандык активисттин абакта жарымына жакыны калды.
Алардын кеңири коомдук башаламандык уюштурууга даярдык көргөнү тууралуу далилдер көрсөтүлө элек жана адвокаттардын пикиринде, дал ошол себептен ишке «жашыруун» деген макам берилген – далилдин жок экенин жашыруу керек. Далили жетишсиз болсо дагы, ушунча адамды бир убакта камакка алуу – бул иш саясий экенин дагы бир жолу көрсөтөт.
Бирок андан да жаманы – Кыргызстандын соттору өз чечимдерин мыйзамга ылайык жана адилеттик орнотуу үчүн чыгарбастан, өйдө жактан түшкөн кандай болбосун буйрукту аткарып жатканында. Сот реформасына мамлекеттик бюджеттен дагы, ар башка чет өлкөлүк булактардан дагы бөлүнгөн миллиондогон доллар каражат асманга сапырылып же саясий шумпайлардын сол чөнтөгүнө канча жылдан бери түшүп жатат десе болот.