www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Минтип айтканыбыздын себеби бар. Анткени ушул айдын 24 түндө Курултайга чакыруу болгон. Анын башында кадимки ыңкылаптардын чордонунда жүргөн Азимбек Бекназаров турарын коомчулук билсе керек. Көмөк көрсөтүүгө даяр болгондор деле анча-мынча “ызгаарды” башынан кечиргендер. Ал эмес арасында беш суткеге чейин камакта отургандары бар.
Бирок, өтөүлкөн “көңтөрүшчүлөр” дегенге ооз барбайт. Кеп оролу башкада, негизгиси-чакырылгандардын тең жарымы келеби деген маселе ортодо турат. Эгерде мурдагы кейпинде өткөрүлсө таасири деле жокко эсе болуп каларын алдын ала эскерте кетели. Ошентсе да башка коңшуөлкөлөрдө курултай өткөрмөк тургай курултайдын “К” тамгасын да айта алышпайт. Буга чейин деле Кошалиев дегендер башкалар курултайды жандандыруу максатында далай өмүрлөрүн “садага” чабышты, бирок, оңдуу жылыш болбоду. Негизи кайсы падыша, спикер, өкмөт башчы буларга бүгүлүп жылыга отчет бергиси келсин? Ошондон улам кагаздары бүктөмдө калып келатпайбы. Бул жолкусу кандай мааниге ээ болорун билүүгө деле аз күн калды.
Мындан сырткары Сагынбек Абдрахманов баштап алган “долбоору” кандай ыргакта жүрөт деген маселе чыккканы жөн жерден эмес. Анын үстүнө “эңкейген позага” кептелген Иса Өмүркуловдун дагы кыймыл аракети көпчүлүктү түйшөлтөөрү белгилүү. Бири кашайып калар бекен десе, ага жан тарткандар колдогон “көзүрлөрү” кубаттуу болгон соң талаада калбастыр деген кебин жамакташат. Ырасында эле азырынча фракция лидери болуп турган Шейшенкуловичтин бир буту жерде, экинчи буту көктө асылган кези. Балким убактылуу керек адамга айланып калаары деле калетсиз. Себеби, айыгышкан кармашта душманды ашырып кереги жок. Түштүк тарапта эми “Атамбаевсиз КСДП” кандай темпте өтөөрү деле алаканга салгандай байкалып баратат. Тимеле партиянын “сокур ичегисин” көз ачып жумгуча алып салгысы келген “азаматтар” сапка тизилеринен деле шек жаралбайт. Анткени андай ишке маштардан түштүк тарап куру жалак калган эмес. Эмнеси болсо да кызарта демделген ашты ачуу шакарап менен жеп кумарланган Сагынбектин бетинен кызылы чачырап мантайары турган иш. Айрыкча таң азандан айран кошулуп берилген маставасы таңдайынан көпкө чейин кетпегенине ишенип турабыз. Бирок, ушундай “даражада” Абдракманов дайыма эле кармала берилишине күмөнүбүз бар. Себеби, турмуш деген ар кандай деңгээлде болору талашсыз. Бүгүн аш жесең, эртең таш жеп каларыңды да унутпашың кажет. Айтор, ноябрды тынч өткөрсөк экен. Баары эле желке чачтарын зиркилдетишет десең…
Булак: Ачык сөз