www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноокатта жерди мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды

Ош облусунун Ноокат районундагы «Кыргыз-Ата» мамлекеттик жаратылыш паркында жер тилкелерин мыйзам талаптарын бузуу менен пайдаланган жарандар аныкталды.

Бул тууралуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүү парк жетекчилигинин кайрылуусунун негизинде жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жергиликтүү тургундар И. к. А., М.Э., Х.М. жана Б.Б. жер тилкелерин уруксат берүүчү документтерсиз, келишимдердин мөөнөтү аяктаганына карабастан же аларга бөлүнүп берилген жерлердин чегинен тышкары пайдаланып жатканы аныкталган.

Жыйынтыгында тиешелүү актылар түзүлүп, Кыргызстандын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 237, 239 жана 241-беренелерине ылайык жалпы 34 миң сом айып пул салынган.

Мындан тышкары, жердин кыртышын бузгандыгы үчүн Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы №25 токтомуна ылайык жалпы 127 миң 314 сом өлчөмүндө зыяндын ордун толтуруу боюнча доо коюлган.

Последние новости