www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык мэриясы социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматтарга байланыштуу мурдагы мэрдин орун басарларына карата козголгон кылмыш иштеринин учурдагы абалы боюнча түшүндүрмө берди.
Мэриянын маалыматына ылайык:
Талайбек Байгазиевге байланыштуу кылмыш иши УКМКнын Борбордук аппаратында тергелип жатат. Учурда иш сотко өткөрүлө элек.
Жамалбек Ырсалиев 2026-жылдын 5-июнунда Бишкек шаардык сотунун чечими менен анын аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу толугу менен акталган.
Азамат Кадыров боюнча Ленин райондук соту 2026-жылдын 23-сентябрында баш коргоо чарасы катары аны УКМКнын СИЗОсунда 20-ноябрга чейин камакта кармоо чечимин кабыл алган.
Максат Сазыкуловго байланыштуу Жогорку сот 2026-жылдын 3-августунда буга чейинки сот чечимдерин жокко чыгарган. Кылмыштын курамы жок болгондуктан, иш толугу менен кыскартылган.
Азат Узаков 2022-жылдын февраль айында УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Ага алгач «Коррупция» беренеси боюнча айып тагылып, кийин иш «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кайра квалификацияланган. Тергөө аяктагандан кийин Биринчи май райондук соту аны реабилитациялануу укугу менен актаган.
Мэрия айрым мурдагы кызмат адамдарына байланыштуу кылмыш иштеринин Бишкек шаардык мэриясынын ишмердигине тиешеси жок экенин белгиледи. Алардын айрымдары башка мамлекеттик органдарда иштеп турган мезгилдеги жагдайларга байланыштуу.
Мындан тышкары, мэрия коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди. Маалыматка караганда, 2026-жылы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча үч кеңейтилген жыйын жана Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңештин беш отуруму өткөн.
Ошондой эле 2023-жылдан бери мэрия кызматкерлеринин аракеттерине же аракетсиздигине укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына 44 кайрылуу жөнөтүлгөн.
Мэрия укук коргоо органдары менен кызматташып, мүмкүн болгон мыйзам бузуулар аныкталган учурда тиешелүү материалдарды укуктук баа берүү үчүн жөнөтүп турарын билдирди.
Ведомство социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматтарды баалоодо жогорудагы фактыларды эске алууга чакырды. Ошондой эле туура эмес маалыматтар тараган учурда мыйзамда каралган тартипте өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо укугун сактап каларын билдирди.