www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусияга баасы жарым миллиард рублга жакын болгон сейрек кездешүүчү экинчи Bugatti W16 Mistral унаасы киргизилди. Baza Telegram каналынын маалыматына караганда, унаа Кыргызстан аркылуу жеткирилген.
2025-жылы чыгарылган кызгылт сары түстөгү родстер 27-августта бажыдан өткөрүлгөн. Коммерциялык утилдештирүү төлөмү 244 миллион рублди түзгөн — бул унаанын баасынын дээрлик жарымына барабар.
Учурда унаа Орусияда мамлекеттик каттоодон өтө элек. Маалыматка караганда, Bugatti Екатеринбургга багыт алган.
Буга чейин, 18-августта, Кыргызстан аркылуу Орусияга дагы бир кара түстөгү, 2026-жылы чыгарылган Bugatti W16 Mistral унаасы киргизилген. Маалымат булактын билдирүүсүндө, бул унаа рэпер Тиматиге таандык. Он күндөн кийин унаа Орусияда каттоого коюлган.
Эки гиперкар үчүн тең утилдештирүү төлөмү бир эле бажы органында төлөнгөн.
Bugatti W16 Mistral — эки орундуу родстер. Ал 8 литрлик, төрт турбинасы бар W16 кыймылдаткычы менен жабдылган. Кыймылдаткычынын кубаттуулугу 1600 аттын күчүнө жетет. Унаанын эң жогорку ылдамдыгы саатына 454 чакырымды түзөт.
Жалпысынан мындай унаалардын 99 даанасы чыгарылган. Моделдин өндүрүшү 2026-жылдын июль айында аяктагандыктан, ар бир экземпляры коллекциялык унаа катары саналат.