www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноокенде 17 жаштагы кыз дайынсыз болууда

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 2009-жылы туулган Айтмаматова Мөөркан Элдияровна дайынсыз болуп, милиция тарабынан издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 18-сентябрда Курулуш айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Мөөркандын бою 150–155 сантиметр, кара тору, кашы-көзү кара, дене түзүлүшү орто, чачы күрөң түскө боёлгон. Үстүндөгү кийими тууралуу маалымат жок.

Кыздын жүргөн жери тууралуу маалымат билген жарандардан төмөнкү телефондор аркылуу милицияга кабар берүү өтүнүлөт:
📞 (03734) 5-05-44
📞 0773 61-17-17
📞 0558 66-15-15
Маалымат берген жарандардын аты-жөнү купуя сакталат.
 

Последние новости