www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда энергетика тармагындагы талаштуу схемаларга байланышы айтылып келген Алексей Ширшов өзүнүн атындагы «Ширшов фонду» тууралуу биринчи жолу коомчулукка ачык комментарий берди. Анын видеосу Каракол шаарынын мэри Талантбек Имановдун жана мэриянын Instagram баракчаларына жарыяланган.

Ширшов фондду өзү каржылай турганын, Караколго жардам берүүнү көздөгөнүн жана саясатка байланыштуу амбициясы жок экенин айтты. Фонд Юстиция министрлигинде быйыл 2-июнда катталган, башкаруучусу — Алексей Ширшов.

Ширшовдун аты Кыргызстанда буга чейин да көп талкууланып келген. Ал «Жогорку Нарын ГЭС каскады» боюнча Кыргызстан менен Орусиянын сүйлөшүүлөрүнө катышып, президент Садыр Жапаров анын «Русгидро» менен маселени чечүүгө жардам берип жатканын айткан.

Ошондой эле Ширшовдун мурдагы бийлик өкүлдөрү жана Максим Бакиев менен байланыштары тууралуу маалыматтар айтылып келген. 2022-жылы кармалып, кийин бошотулган. Президент Жапаров аны Максим Бакиевдин чет өлкөдө камакта турган каражаттарын Кыргызстанга кайтарууга көмөктөшүп жатканын билдирген.

Каракол шаарынын мэри Талантбек Имановдун Ширшов менен байланышы бар экени тууралуу журналисттик иликтөөлөр чыккан. Иманов болсо бул байланышты четке кагып келген.

Последние новости