www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путиндин кеңешчиси Юрий Ушаков «Россия 1» телеканалындагы маегинде «Норманд төрттүгүнүн» жыйыны жыл аягына чейин болушу ыктымал экенин айтты. 

«Азырынча кайсы бир мөөнөттү так айта албайм, анткени дагы деле талкууланып жатат, ушул жылы болчудай көздөнүп калды», - деди ал «Москва. Кремль. Путин» программасында.

Мунун алдында Франциянын президентинин кеңсеси «Норманд төрттүгү» 9-декабрда Парижде жолугарын билдирген. Германиянын канцлери Ангела Меркель катышары белгилүү болгон. Украинанын бийлиги дагы жолугушуу болорун ырастаган.

Эске салсак, Украинанын чыгышындагы жаңжалды басууну көздөгөн, Берлин, Париж, Москва жана Киевдин башын бириктирген «Норманд төрттүгү» форматындагы сүйлөшүүлөр 2014-жылы башталган.

Алар акыркы жолу 2016-жылдын октябрь айында жолугушкан. Буга чейин Кремл «Штайнмайер формуласы» Киевди ынандырбаса, орус президенти Владимир Путин бул биримдиктин алкагында украин президенти Владимир Зеленский менен жолукпай турганын айтып келген.

Последние новости