www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыр мен жашоонун күнгөй-тескейин көрүп калган адаммын. Бир беткей өзүмчүлдүгүм жан сырымды бирөөгө айттырууга жар бербей, ачуумду ичиме жутуп жашап келдим. Эми бул азаптан өзүмдү сууруп чыгууга белсенип, ичтеги өкүтүмдү сиздерге кат аркылуу жиберүүнү эп көрдүм. Балким мен кетирген жаңылыштык айрым адамдарга сабак болор...
– Өзүм айылда чоңойдум. Турмуштун ысык-суугун көрүп өстүм. Ата-энемдин кара жумуштан тапкан жарыбаган акчасы, үй-бүлөдөгү оош-кыйыш турмуш мени алда качан чоңойтуп койгон. Мен үйдүн улуусумун. Менден кийин төрт бир тууганым бар.
Мектепти аяктагандан кийин жогорку окуу жайына тапшыртууга ата-энемдин чама-чаркы чак келген жок. Айылда бош жүргөнүмдү угуп, таежем Бишкекке чакыртты. Мени тигүү цехине жумушка киргизди. Тапкан тыйынымды айылга жиберип турдум. Тааныш күтүп, шаарга да көнүп калдым. Жездем менен таежемди кыйнабай, өзүнчө батирге чыгууну айтсам, макул болушту. Өзүмдөн 3-4 жаш улуу чогуу иштеген Бурул эже менен бирге батирге чыктым. Айылдан апам менен сүйлөшүп калганда «Кызым, эстүү бол. Жаман адамдарга кошулба» деп энелик насаатын дайым кайталачу. «Апа, силерди уят кылбайм, буюрса, акча топтосом эл катары билимимди жогорулатам» деп ишенимдүү айтып, апамды кубандырар элем. Аз да болсо акча кармап, өз алдымча оокат кылып, бөбөктөрүмө камкордук жасаганыма өзүмдү чоң кишидей туя баштадым.
– Күз айлары болчу. Бурул эженин туулган күнү болуп калды. Кафеге бардык. Биринчи жолу кафеге барышым эле. Кулагыма батыштын чоочун музыкасы жаңырып жатты. Бизди көпкө күттүрбөй эле эки курбу кызы эки жигитти жетелеп кирип келишти. Бир аздан кийин арабызга гүл көтөргөн узун бойлуу, келбеттүү жигит келип кошулуп, Бурул эжеге карап «Жаным, туулган күнүң менен!» деп бетинен өөп куттуктады. Ал Бурул эженин жигити Бектур экен. Туулган күндүк шаң уланып, ырдап-бийлеп, өзүмдү эркин сезип жаттым. Эл катары мен да тост көтөрүп, аз-аздан ичип олтурдум. Арактан ууртаган сайын көздөрүм жымыңдап бийлегим, сүйлөгүм келип, бийиктикке көтөрүлүп баратканымдай туюлуп жатты.
Ошентип түн бир оокумда кафеден чыктык. Бектур байке такси даярдап коюптур. Машинага олтурган соң «бул менин досум Азамат» деп бирөө менен тааныштырды. Үйгө жеткенибизде Бурул эже «туулган күн бүткөн жок, улантабыз» деди. Ошол күнү биринчи ирет мас болдум. Ички дүйнөм уйгу-туйгу болуп, бирде күлкүм келсе, бирде ыйлагым келип жатты. Акылымды башкара албай калыптырмын. Бир убакта ысык дененин алдында эрип атканымды билем. Алсыз гана баш ийип бердим. Башка аргам бар беле? Андан аркысы эсимде толук калбаптыр. Уктап калыптырмын. Оозум кургап, ойгонуп кеттим. Бүткүл денем таш менен жанчыгандай ооруп калыптыр. Өзүмдөн-өзүм чочуп, Азаматтын коюнунда энеден туума жылаңач жатканыма ишене албай селейип, дендароо боло түштүм. Мен ишенген Бурул эже жигитинин коюнунда жатат. Үнүмдүн барынча «Мени куткарып койсоңуз болмок! Баарына сиз күнөөлүүсүз!» деп Бурул эжеге кыйкырып, ыйлап кирдим.Ал ачуу үнү менен мага «Алыңа жараша ичпейт белең! Мага неге кыйкырасың?» деп жаактан ары бир чаап жиберди. Ызама чыдабай чачташып уруша кеттик. Бизди Бектур арачалап токтотту. Алсыздыгымдан пайдаланып, пайдалуу бир иш кылгансып маашырланган Азаматты ачуум менен чапкылап кирдим. «Намысымды тепседиң, тагдырыма балта чаптың. Менин кийинки турмушумду ойлодуңбу?» деген суроомо «кунажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзмөк беле, өзүңдү кармап, алыңа жараша ичпейт белең!» деп кабагын салды. «Анда мени аялдыкка аласың» деп өзүмдү таңуулап баштадым. Азамат мыйыгынан күлүп, «кечирип кой, карындашым, менин үй-бүлөм, балдарым бар» деп басып кетти. Кимге каарымды сөгүп, кимден жинимди чыгарышымды билбей, көз жашымды көлдөтүп кала бердим.
Ошентип азап баскан ал күн да артта калды. Арадан 3-4 апта өткөн соң кош бойлуу экенимди билдим.
Тозок жашоо эми башталды. Өзөгүм өрттөнүп, жанымды коёрго жер таппай, сансыз санаанын кучагындамын. Апам менен сүйлөшкөн сайын өзүмдү ала качып, телефонду өчүрүүгө шашылам. Атаэнемдин асыл максаттарын жерге тепсегениме ызаланам. Менин өзөгүмдү жанчыган боюнча мезгил токтоп калса кана? Антпейт, убакыт өтүп жатат. Ичим күн санап чоңоюп баратат. Ата-энем билсе кандай болот? Өлүп алгым келет. Бирок жан таттуу. Боюмдан алдырсамчы? Ушул өңдүү сан миң ойлор күнү да, түнү да түйшөлтүп келет. Ошол азапка салган түпөйүл ойдон сууруп алар амал табылар бекен?
Айзада
Булак: NazarNews.kg