www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ренат Самудинов деген мурдагы КСДП партиясынын жаштар канатынын лидери бар. Убагында аны КСДП партиясына тиешеси жок, “самозванец” – дегендер дагы четтен чыкан. Кийин “саясий көз карашыман куугунтукталып жатам” – деп жубайы журналист Элнура Молдокадырова менен Мексика аркылуу АКШга барып, ал жерде жайгашып калган. Учурда экөө тең Америкада эмгектенип ошол жерде күн кечирип келшет.
КСДП партиясынын жана Жогорку Кеңештеги аталган фракциянын депутаты Данияр Аттокуров деген дагы эл өкүлү бар. Аны убагында тар чөйрөдө Атамбаевдин “кадрлар бөлүмү” – деп да атап коюшчу. Айрыкча Ысык-Көлдөгү кадрлар маселеси дал ушул адамдын колунан өтүп калган. КСДПнын борбордук штабын жетектеп жүргөн.
Мына эми Ренат Самудинов дал ушул Данияр Аттокуровдун бир тууганы Сардарбек Аттокуровдун “Фаворит Транс” компаниясын текшерүүсүн өтүнүп, тергөө органдарына кайрылыптыр. Анын баамында Данияр Аттокуров бизнесинин ишмердүүлүгүн жашырып жаткан имиш. Ошондуктан Аттокуров мандатын өткөрүп берүүсүн талап кылып жатат. Ал эми мыйзамга ылайык, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер бир учурда мамлекеттик кызматтан сырткары жеке ишкерлик менен алектенүүгө тыюу салынган. Бирок, Аттокуров дагы көчөдөн келген, жөнөкөй “чимкирик” эмес да. Айылдагы 5,5 гектар жеримен башка эч нерсем жок деп ак эткенден так этип жатат.
Ренат Самудинов Сардарбек Аттокуровдун компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча кайрылууну Башкы прокуратура, Жогорку Кеңеш, УКМКнын коорупцияга каршы күрөшүү кызматы жана ИИМге жөнөткөн. Анда ал аталган фирма Кара-Кече көмүр кенинен коррупциялык жол менен 3 миллион АКШ долларын чыгарып кеткендиги тууралуу документтер бар экендигин айтууда. Самудиновдун баамында Данияр Аттокуров бир тууганы Сардарбек Аттокуровго бизнесин каттатып коюп, кызматтык абалдан пайдаланып кыңыр иштерин ишке ашырууда.
Бирок, билгендер Данияр Аттокуров кайдан-жайдан ким билсин, 2010-жылдан бери байлыгы көбүрүп жабырып, ашып-таша баштаган дешет. Айылдагы атасынын тамын жаңылап, ага кошумча ошол эле айылга заңгыратып эки жаңы үйдү бир жылдын ичинде мемирейтип койгондугун сөз кылышат экен. Бирок жактоочулары дагы жок эмес. Эми бул эки көлдүк кулундун кармашы эмне менен аяктайт аны тергөө жана убакыт эле көрсөтөт окшойт...
Булак: NazarNews.kg