www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыктылардын арасын толуктап келе жаткан, саясаттан башы бирден көрүнсө, бирде көрүнбөй, келечектеги белгилүү саясатчы боло турган, еврейлерче мамиле кылып, жакшы менен жаманды таасын байкап турган көрөгөч Жамалбек Ырсалиев өзүнүн кезектеги сезимин социалдык баракчасыны жарыя кылды.

Мен калпычымын, жалганчымын, алдамчымын! Кечиргиле!

Кечээ бир досум түштөнүүгө чакырды. Абдан жакшы сүйлөшүп отурганбыз. Бир убакта досум, чапанчанды чапсаң көйнөкчөнгө доо кетет кылды. Бир досун мисал кылып айтып жатат. Досумдан сурадым, апаңды жакшы көрөсүңбү же аялыңдыбы? Атаңды жакшы көрөсүңбү же балаңдыбы десем, албетте апам менен атамды деди. Жалган дедим. Калп айтпа. Аяш энемдин бутундагы кепичи( галошу) канча сом, аяштын бут кийими (сапошкасы) канча сом турат дедим. Аяш энемдин күрмөсү канча сом дагы аяштын шубасы канча доллар?....

Досумдун калган сөздөрүн укпай калдым. Кулагым чуулдап көзүмдөн жаш айланды. Балама чалдым. Машинаны даярдап бер, Нарынга чыгам дедим. Энеме чалдым. Шаарга келе жатам дейт. Кубанып кеттим.

Бирок, мен калпычы экенимди мойнума алдым. Аялымдын күзгү, кышкы, жазгы жайкы, тойго кийген, тоого кийген, ойго кийген, кыскасы батинкесинен баш адашат экен. Энемдикичи?... Билбейм. Чынында билбейм. Аялыма машина алып бергем. Апамачы? Апа машина алып берейин десем, жок балакетиңди алайын. Жалил менен абышкадан калган "Ауди" эле болот. Менин пенсиям өзүмө жетет. Сен балдарыңды багып жатпайсыңбы. Неберелеримдин курсагы ток,кийими бүтүн болсо болду. Балдарыңды жакшы тарбияла дейт...Ар бирине мүнөздөмө берип чыгат. Келиндеринин кемчилиги менен артыкчылыктарын айтат. Кайра менин үйүмдүн абалын сурайт.Ошентип узун сөзгө кирип кетебиз. Аягында, макул балам " бирдигине" бир далай акчаң кетип калды го. Жолукканда сүйлөшөбүз деп койот. Менин бирдигим менен убактымды аяп койот....

Ал эми менчи? Мен калпычымын.

Мен апамды эмес аялымды сүйөм. Атамды эмес,балдарымды сүйөм. Атама телефон чалайын десем, телефон тартпаган, байланыша алгыс тарапка кеткен. Эстегенде Куран окуп,сообун багыштап койом. Ал күн да жума күнү, жума намазга барганда...башка күндөрү кээде эле эстейм. Ошондо да, малыма баш көз болуп караган киши жок деп. Атам болгондо эч маселе болбойт эле деп эстейм... Жараткан Кудайды жакшы көрөм деп дагы алдайм. Себеби, кечинде темселеп жүрүп кеч келгеним аз келгенсип, интернетти карап ушактарды окуп отуруп түн ортосунан оогондо уктайм. Таңкы уйкунун таттуусун айт. Намазга тургум келбей ныксырап жатам да анан турганда каза намазын окуп толуктап койом деп турбай койом. Ойгонуп алып шашып жумушка жөнөйм. Ошону менен намаздын казасы да унутулат...Мен Кудайдын буйругун да так аткарбайм. Демек, мен киммин? Эки жүздүү алдамчымын. Мен калпычымын. Мен өзүмдү алдап, өзүмдү сооротуп, өзүмө өзүм адвокат болуп жүргөн күнөөкөр пендемин...

Мээримдүү, ырайымдуу Аллахтан кечирим сурайм. Мени эмизип багып ушул жарыкчылыкты тартуулаган энемден кечирим сурайм. Экөө тең кечиримдүү жана боорукер экенин билем. Экөөнө тең эркелей берем... Качанкыга чейин? Бир күн келет атам сыяктуу энемден ажырайм... Бир күн келет Кудайдын алдына барам. Ошондо эмне деп жооп берем?! Билип туруп эле күнөө кылып жүрө бердим деймби?

Мен сыяктуу жалганчы болбогулачы досторум. Мен да оңолууга аракет кылайын. Силер да аракет кылгыла. "Бейишиң да тозогуң да ата-энең"- дептир пайгамбарыбыз Мухаммед с.а.в. Ата-энебиздин батасын алып калалы, бата тилеп кала электе...деп жазган Жамалбек Ырсалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости