www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы мезгилде чет элден каржы алган массалык маалымат каражаттарынын айланасындагы талкуу активдүү жүрүп келет. Алар дагы активдүү иштеп жатат. Анан кантсин, алганын акташ керек да...
Албетте, массалык маалымат каражаттарынын ишине эч ким каршы эмес. Чектөө да жок. Мыйзам баарына тегиз карайт. А четтен каржы алган ММКлар бардык маселеге тегиз, бейтарап карайбы? Жок, антип айтуу кыйын. Айрыкча акыркы учурларда алар бир тараптуу жамандоо, кемчилик издөө, негатив менен иштеп жатканы баарыбызга маалым. Көзү сокур адам да көрүп турат го дейм негатив менен бир тараптуу маалыматтык чабуул болуп жатканын.
Турмушта жакшы менен жаман жанаша жүрөт. Жаманын жазганга жараша жакшысын да кыстара кетүү жашоонун реалдуулугуна баш ийүү. Антпей же анткиси келбей эле жалаң жаманын издеп, ак баракты көрбөй, андагы чекит кара экен дей берген кантип болсун. Кудайга деле жакпаган иш бул.
Соңку жылдары мамлекет бир нерсеге бел байлап, билек түрө иш баштаса эле андан кемчилик издеп, катасын тапканга шашылып, аны коомго айда ашкерелеп жатып калышат. Иш болгон жерде кемчилик болоорун билбейби алар? Мындай маалыматтык манипуляция менен алектенип, коомду козгоп, бүтүндү бүлүндү деп, дүрбөлөң кылуунун төркүнүндө эмне бар? Мындай кадам менен алардын табаар пайдасы, жетээр олжосу эмне?
Бейөкмөт деген тонду жамынып, маалыматтык майданда жүргөн жоокерлердин кожоюндары ким? Куурчак башкарган сымал сыртта туруп алып, ичибизге бүлүк салып жаткан жокпу? Бүгүнкү глобалдашкан дүйнөдө сырткы күчтөрдүн таасири кандай абалга алып келээрин Украина, Сирия, Ирак, Ооганстандын мисалында көрүп жатабыз го.
Кыргызда жакшы кеп бар. Эсиң барда, этегиңди жый дейт. Биз жана келечек үчүн мамлекеттин бүтүндүгү менен өнүгүүсү маанилүү. Уйдун бөйрөгүндөй болуп бириндей бербей, алакандай элдин бир муштумга түйүлө турган учуру келди. Жакшы айлык менен убактылуу жан багуу улуттун коопсуздугунан эч качан бийик турбашы керек.
Маалыматтык коопсуздук - улуттук коопсуздук
Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу мүмкүн эмес
Булак: NazarNews.kg