www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы жылдын алгачкы күндөрүндө тынч жаткан тургундарды кырсык басып, “белгисиз” жүктү алып келе жаткан учак Дача-СУ айылы кулап, 40ка жакын мекендешибиздин өмүрүн кыйган. Арадан 4 ай убакыт өтсө да, кырсыкка күнөөлүү бир да жан жазага тартылган жок. Элдин үнүн, кайгысын бийлик башындагылар назарына илбегендей элес калтырды. Ал эми кырсыкка себепчи болгон кандуу жүктүн ээсин айрым саясатчылар, журналисттер иликтеп коомчулукка айтып чыгышты. Бийлик кандуу жүк тууралуу маалыматты күч менен басып, иликтөө жүргүзүп жаткан саясатчыны камоого да жетишти. Элге туура маалыматты жеткирүүгө аракет кылган маалымат каражаттары, юристтер президент тарабынан сотко берилип, он миллиондогон сомдорду моюндарына “илүүгө” болгон аракет көрүлүп жатат. Кыскасы, азырынча күч менен жашырып турушат...

Кырсыктаган жабыркаган бир туугандарыбыз кан жутуп кайгырып турганда, жалпы журт сыртта карап турбай, колдон келген жардамын беришти. Элден айланса аздык кылат. Жалпысынан эл тарабынан 96 млн сомдон ашык накталай акча чогултулду. Бирок, элден чогулган акча кырсыктан жабыркаган бир боорлорубузга жетпей, президенттин айланасында жүргөн бир “балакай” тарабынан пайда табуу үчүн банкка салынып, 4 айдан бери чоң суммадагы “үлүшүн” алып жаткандыгы айтылып, жазылып келе жатат.

Кырсыктан жабыр тарткандар элден чогулган акчаны ала албай убара тартып турган мезгилде кандуу жүктүн ээси 36 млн доллар акча каражатын компенсация катары камсыздандыруу (страховая) компаниясынан алгандыгы белгилүү болду. Мындай маалыматты Өкмөт мүчөлөрү тастыктады.

Кандуу жүктүн ээси 36 млн доллар алгандыгы тууралуу маалымат ачыкка чыккан мезгилде, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун Швецариянын Женева шаарында жүргөндүгү тууралуу фото-видео материал интернетке тарады. Женева – жалпы суммасы 1 триллион доллардан ашкан активдерди башкарган, приват-банкингге ылайыкташтырылган ири финансылык борбор. Мына ошол акча агылган финансылык борборго болгон Албек Ибраимовдун сапарынын сыры эмнеде?

Албек Ибраимов президент Алмазбек Атамбаевдин жакын иниси, ишенимдүү кишиси экендигин айтпасак белгилүү. Тээ 90-жылдардан тарта Атамбаевдин жеке чарбасын, каржылык иштерин жетектеп келгендиги да белгилүү. Ошол себептендир, Атамбаев бийликке келген күндөн тарта Албек Ибраимовдун “жылдызы” жанып, Бишкек Эркин экономикалык аймагын, “Дастан” заводун, “Манас” эл аралык аэропортун жетектеди. Аэропорттогу “жолдордун” баары Албек мырзага тааныш...

Эске салчу жагдай, январь айында кулаган учак, 52-жолу жүктү алып келип жатканда кырсыкка учураган эле. Кырсыкка чейин да, жашыруун түрдө аэропорт аркылуу сырдуу жүктөр ташылып келген. Бул көрүнүштүү далилдеген факты катары, өткөн жылдын октябрь айында финансы полициясынын кызматкерлери тарабынан контрабандалык жол менен аэропорттон чыгып бараткан салмагы 45 тоннаны түзгөн 2 фура жүк кармалган. Жүк ташуучу унааларга кымбат баалуу, дүйнөлүк бренддеги телефондор экендиги белгилүү болгон. Тилекке каршы, февраль айында депутттык комиссия бул жүктүн чоо-жайын аныктап жаткан учурда, 45 тонна жүктүн жок болуп кеткендиги ачыкталган. Жыйынтыктап алганда, аэропорттогу көмүскө “жолдорду” жакшы билген, таасирлүү кишилер контрабанда менен алектенет деген ойдомун...

Кайрадан кырсыкка себепчи болгон, сырдуу жүккө кайталы. Камсыздандыруу келишиме ылайык, жүктүн ээси 36 млн долларды алды. Келишимдин бузулбас эрежелеринин бири, мындай чоң суммадагы акчаны жүктүн чыныгы ээси алуусу шарт. А мындай чоң суммадагы акчаны Бишкекте же Стамбулда эмес, дүйнөнүн финансылык борборлорунун биринен алаары талашсыз...

Нуразиз Шайырбек

Булак: NazarNews.kg

Последние новости