www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы эң кооз жерлердин бири албетте, Ысык-Көл, биз ар дайым кайда болбосун  Ысык-Көл менен сыймыктанабыз. Чет өлкөлүктөр Кыргызстанды  Ысык-Көл аркылуу тааныйт же болбосо өз чыгармалары менен кыргызды ааламга тааныткан Чыңгыз Айтматов аркылуу билишет. Дал ушул касиеттүү Ысык-Көлдүн жээгинде улуу жазуучубуз бүткүл дүйнөлүк “форумду” өткөргөн. Бул иш-чарага дүйнө жүзүнө белгилүү коомдук ишмерлер, атак-даңктуу жазуучулар, акындар, керек болсо Нобель сыйлыгына жеткен интеллегенция өкүлдөрү келишкен. Дал ушул керемет Ысык-Көл кылаасынан даанышмандыгы менен уюткулуу элдин ынтымагын данакерлеп, биримдигин чыңап турушкан атактуу акелер, айтылуу батырлар чыгышкан. Башкасын коюп, Калыгул Акебизди эле алсак, кыргыз элинин келечегин алдын ала көрө билгенкөсөмдүгү, тилинен бал тамган чечендиги менен атпай журтка даңазасы алынып, бир ууч кыргыз элин ынтымакка, биримдикке үндөгөн, эл ичиндеги тентектерди жолго коюп, жөндөгөн кептери көпчүлүктүн  көкүрөгүнө кыттай уюп, туура жолго, түз багытка салган. Кыргыздын улуу көчү нускалуу карылар, оозунда жүйөөлүү кеби бар даанышман аксакалдар бар үчүн жолунан адашпай уланып келген.

Эмичи? Кыргызстан өз жолун таба албай, кыйчалыш мезгилде турат. Бүгүн Ысык-Көлдүн аксакал акелери кайда? Үзөңгү-Кууш Кытайга, Каркыра Казакстанга берилип жатканда Ысык-Көлдүн интеллегенциясы бир ооз калыстык сөзүн айтпады. Чуулуу Кумтөр кенинен көзөмөлсүз алтын ташылып жатса бирөө үн катпай койду. Цианид төгүлүп Барскоон эли ууланып жатса, эч ким үндөбөдү...

Жети-Өгүз районунун жаштары Кумтөрдүн маселесин көтөрүп, жалган жеринен жаш азаматтары кесилип кеткенде дагы аксакал карылар бир ооз үн катпай койдуңар. “Кумтөр”кени иштеп баштагандан бери кыргызга бир дагы пайдасы тийген жок. Пайдасын биздин үлкөн президент менен чет элдиктер көрүп келишет. Бечара момун элибиз менен жакыр мамлекетибиз зыяндан башка пайда көрбөдү. “Кумтөр” кени эл үчүн иштесин деп чыркырап чыккан канчалаган көлдүк жаш жигиттер камалды, “аттиң” дебеске арга жок. Мамлекеттик деңгээлде “уурулук” болуп жатса, мыйзамсыз жеке кызыкчылыктарына тоскоолдук кылган бийликке касиеттүү көл кылаасынан бир аксакал же көксакал“ак” да, “көк” да дебеди. Болбосо, акыл кеби оозунан төгүлгөн, кадыры артылган, элине, бийликке сөзү өткөн аксакалдардан уучубуз курубу? Көл жергесинин кулуну, элдин уулу Садыр Жапаров Кумтөр үчүн чыркырап жүрүп, өзү эле эмес баласы, биртуугандары жана жакындары болуп 13 кишикамалып жатат. Эмнеге? Ушундай кырдаалда кайда Ысык-Көлдүн Акелери же баары бирдей дүжүр, кошоматчы, күн карама болуп калганбы? Үзөңгү-Кууш, Каркыра маселелерин биринчилерден болуп аксылык Бекназаров көтөргөн, ошондо дагы бизге Ысык-Көлдүн “дүжүрлөрү” сокку берген. Байыркы ата-бабабыздан калган ыйык жерибизди, кен байлыгыбызды, боштондугубузду коргой албай калдыкпы? Эмне үчүн жеке кызыкчылыгыбызды ойлоп, келе жаткан коркунучтан коргоно албайбыз?Бүгүн биз акыйкаттык сөзүн айтып, абакка түшкөн жараныбыз Садыр Жапаровду коргой албасак, эртең кыргыз элине кара түн түшүп, боштондугубуздан ажырайбыз. Адамды атып, кыйнап өлтүрүп жатса дагы, үн катпай койдук, оппозициялык саясатчыларды жалган жалаа менен камап жатат, Садыр Жапаровду,анын бир туугандарын кошуп темир торго камап таштады. Ушу тапка чейин сурак дагы жүргөн жок, анткени,сурай турган эч нерсеси жок, алган жеринен камап жатпайбы. Жеке эле Ысык-Көл элин эмес, жалпы кыргыз элин акыйкат сөзүн сүйлөп, баш көтөргөн саясатчыларды бийликтин эч бир себепсиз камагандыгы үчүн өз калыс сөзүн айтууга чакырам.

Укуккоргоочу Качкынбек БУЛАТОВ

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости