www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Аль-Джазира" каналы бүгүн Кыргызстан тууралуу көрсөтүүсүн эфирден берди. Буйурса, 30-апрелге чейин Кыргызстан тууралуу 6 көрсөтүү чыгат. Бул тууралуу маалыматты Айымкан Кулукеева Фейсбук баракчасына жазып чыкты. Журналист Таректин айтымы боюнча бүгүн эфирден кийин көптөгөн телефон чалуулардын болуп, Кыргызстандын кайда жайгашканы, кантип барса болорун ж.б. сурай беришип, телефонун заряды өчүп жатты деп айтты мени күлдүрдү. Бул көрсөтүү бүткүл араб дүйнөсүнө Кыргызстан тууралуу чоң реклама болду деп эсептейм, достор. Бул фильмди тартууга Тышкы иштер министрлигинин, Катардагы Элчигибиздин түздөн-түз көмөгү бар экенин айта алам. Ал эми колдоп, тиешелүү интервью, материалдар менен камсыз кылып бергени үчүн Президенттик Аппараттын пресс-кызматына, жеке Алмаз Усеновго ыраазычылык билдирем! -деп жазып калтырган Айымкан Кулукеева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости