www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экинчи тур болуп, президенттик шайлоо кайра өтсө Режеп Тайып Эрдоганды эли 59 пайыз менен колдоп алат деп терең ишенем. Мындай пикирин журналист Нурдин Мотуев билдирди.

"Режеп Тайып Эрдоган ута элек болсо, утсун деп ниет кылам. Баары бир жетилген дүйнөлүк лидерлердин бири. Түрк элинин жашоо образын өзгөрткөн, чечкиндүү, ыймандуу, мекенчил, акыл чөйчөгү толук, а эң башкысы кыргыз элин сыйлаган чоң жүрөгү бар экендиги мени ынандырат, кубандырат. Экономикасы өсүп, техникалык революция жасашып, дрон олуттуу курал экендигин далилдей алышкандыгына жалпы адамзат күбө, медицинасы болуп көрбөгөндөй секирик жасады.

Илим-билимге терең маани берген мыкты президент боло алды Эрдоган ави, мындан ары да улут келечегин аныктаган сезимтал мыкты президент болсун деген ойдомун. Эл аралык саясатта бир топ оор милдеттерди алдына коюп алгандай болду, эми ошонусун аткарсын да, мүмкүнчүлүк берели дегендей.... Экинчи тур болуп, президенттик шайлоо кайра өтсө Режеп Тайып Эрдоганды эли 59 пайыз менен колдоп алат деп терең ишенем. Ийгилик, түрк дүйнөсүнүн атасы!", - деди Мотуев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости