www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 15-май Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Чаткал районунун каза болгон прокурору Б.Жанузаковдун үй-бүлөсүнө 21,7 миллион сом бир жолку кенемте пул төлөнө турганы боюнча айтылган маалымат элди «шок» кылды.

Анда Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева прокурор кызматтык милдетин аткарып жатып каза болсо, анын үй-бүлөсүнө 20 жылдык орточо маяна өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнөрүн билдирди.

Мындан улам, коомчулукта «прокурорлордун өлгөнү дагы элге жүк тура, булар өлсө да, өлүмтүгүн арткан мите курттар экен, эми прокурорлор аман болсо экен, аялдарынын ниети бузулса, ошондо анык шорлору кайнайт го», - деген өңдүү мыскыл, какшык, нааразы болгон сын-пикирлер арбын айтылды...

Кызыгы, булар пенсияга чыкса дагы, бир жылдык маянасынын өлчөмүндөгү орто эсеп менен 800 миң сомдон жогору каражат алышат экен. 
Булардын пенсияга чыкканы да, өлгөнү дагы элге азап тура… 

Мындай теңсиздикке байланыштуу эл өкүлдөрү аябай таңкалышты. Депутат Камила Талиева: "Ушундай чыгашаларга жете турган өлкө казынасына даңк. Мектепке 5 миллион сом таба албай жатабыз. Мен таң калып жатам. Кайран гана элдин акчасы...», - деди...

Дагы бир эл өкүлү Надира Нарматова: «Айтпай коюуга болбойт. Прокуратура, сот органдары өздөрү үчүн мыйзамды ашыкча жазып алышптыр. Бул мыйзам боюнча прокурор болуп өлгүң келет. Прокурорлордун өмүрүн тилейли. Туура эмес жагы да бар. Пенсияга чыкканда да миллиондорду алышат. Бир прокурорго 21 миллион сом төлөш керек. Бул өлкөнүн бюджети. Мыйзамды өзгөртүү керек», - деди депутат.

Бирок ошого карабастан, добуш берүүнүн жыйынтыгында депутаттар каза болгон прокурордун үй-бүлөсүнө бир жолку жөлөкпул 21,7 миллион сом берүүнү жактырышты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости