www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дача СУдагы авиакырсыкта Солтокеновдордун үй-бүлөсүнөн 4 адам көз жумган: үй-бүлө башчысы 57 жаштагы Анарбек, аялы Фарида, 29 жаштагы уулу Айбек жана 8 жаштагы кызы Мариям.

Бул үй-бүлө дээрлик 20 жылдан бери Дача СУда жашап турушкан. Анарбек Дача СУ жашоочуларынын жана коңшулаш 20-Хутор айылынынын малын багуу менен тирлик кылчу экен. 2 ай мурун уулу Нурбир экөө иштөө үчүн Казахстанга кетип, ал жакта да мал багуу менен алектенишиптир. Кырсык болоордон 1-2 күн мурун Анарбек үйүнө келиптир. Айбек болсо такси кылып тирилик кылчу экен. Маркум Фарида кызы Мариямды кийинтип, окууга жөнөтүп жаткан учурда учак кулаган экен. Мариямдын мектеп формасында экенин сөөктү казып чыккандар айтыптыр. Ошондо эшикке чыгып кетишсе эмне деп, Фариданын апасы Кадыбаева Гүлкайыр апа боздоп отурат.

Солтокеновдордун үй-бүлөсүнөн Казахстанда иштеп жүргөн Нурбир жана анын Питерде иштеп жүргөн карындашы Айза тирүү калды. Айза Питерге кеткенине 2 эле ай болуп, жаңы гана ишке орношкон экен.
Азыр Нурбир менен Айза Кыргыз Өкмөтү убактылуу төлөп берип жаткан квартирада жашап жатышыптыр. Кочкордон таенеси Гүлкайыр апа келип, неберелеринин жанында. 

Нурбир 27, Айза 18 жашта экен. Айза 9-классты бүткөндөн кийин эле окубай калыптыр. Окуп, программист болгусу келген экен. Окуганга турмуш шарты туура келген эмес го. Таенеси Гүлкайыр апа: “Төрт адамды бирдей көмүп, отуруп калдык. Эми эмне кылабыз? Тагдыр башка салса эмне кыла аласың. Жетим калган неберелеримди окутуп, ишке жайгаштырып, баш-көз болуум керек", - дейт. 

“Элден айланса болот! Тээ Якутиядан бери жардамдар келип жатат. “Вечерний Бишкек” имаратында жардам чогулткандар, Ассоль Молдокматова, Москвадагы, Казахстандагы кыргыздар жардамдарын берип кетишти. Неберелерим менен аралаш өскөн даргиндер көзүнүн жашын көл кылып ыйлап келип, тыйынын, тамак-ашын берип кетип жатышат”, - дейт эже, - оокат, дүнүйө-мүлк табылар! Эми көзүм өткөнчө жетимдерге баш-көз болмогум эп”.

Кырсык болгон күнү Солтокеновдордукуна кошуналары 13 жаштагы Мадина менен 6 жаштагы Адинайды калтырып, Нарынга сапар тартышкан экен. Мадина менен Адинай да кайра келбес жайга кетишкен.
Мен издеп барганда, Айза таенеси менен экен. Нурбир акырет кеткен ата-энесинин, бир туугандарынын мүрзөсүн тостуруу, белги койдуруу иштери менен жүрүптүр.
Нурбир менен Айзага Аллахым сабыр берсин. Бармактайдан ак эмгек менен өскөн жаштар экен: жүрөк тилген өксүктү, жоготууну жеңип, турмуштан өз татыктуу ордуларын табаарына ишенем. 
Айза өзү эңсеген окуу жайдан окуп, сүйүктүү кесибине ээ болуусун тилек кылдым.

PS: Менин ЭЛСОМ эсебиме которулган 12 500 сомду Нурбир менен Айзага бердим. Гүлкайыр апа менен Айза бардыгыңыздарга терең ыраазычылык билдирди.

Нургазы Мусаев, NazarNews.kg

Последние новости