www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Нурлан мырза, Райымбек Матраимов биринчилерден болуп, экономикалык мунапысты колдоп, 2 миллиард сом төккөнүн белгилүү. Бу сапар неге камакка алышты?

- Мен да ушул жагдайга түшүнбөй калдым. Али баштаган, Батыш каржылаган бузуку НПОчулар кыйкырып, үркөрдөй үч жүз киши менен митинг уюштуруп коюшса эле, Райымбекке окшогон эл сыйлаган, бей-бечара жакшылыгын көргөн меценттарды камай беришсе, кыргыз улутубуздун тың чыкма уулдарын тукум курут кылып алабыз. 1916-жылы бир кырылган, 1937-жылы эки репрессияланган кыргыз эми Батыштын бачабаз конституциясы менен жашаган чоңдорунун талабы менен камалып, жоголо берүүсү керекпи? Дегеним, АКШ элчилиги энтендеп бүгүн Райымбек Матраимов жөнүндө жасаган билдирүүсүнө абдан ачуум келди.

- Неге бийликти сындагысы келгендердин көзүнө Райымбек Матраимов эле көрүнүп калды. Анчалык бай киши Кыргызстанда жокпу?

-Ой, андайлар толтура! Атамбаев баш болгон Убактылуу өкмөт мүчөлөрү, жана 30 жылдык Кыргызстанды өстүрбөй мүлжүп келген жемкорлор, ашынган коррупционерлер бар. Алар кимдер экенин, фамилиясынан бери элдер жакшы билишет. Калыстык үчүн анда ошолор да камалып, байлыктары мамлекетке кайтарылуусу керек.

- Жаңы бийлик Райымбек Матраимовдон каражат өндүрүү максатында камап жатабы же бийликке каршы күчтөрдү каржылап жиберет деп кооптонуп камоого аргасыз болуштубу?

- Жаңы бийлик зыянсыз момун Матраимовдон эмнеге кооптонмок эле. Бул көлдөй көйкөлгөн, жок дегенде өзүн актап сүйлөп койгусу келбеген жоош адам турбайбы? Райымбек төгө турган акчаны төктү. Бирок, жаңы бийлигибиз эл аралык коомчулук эмне дейт деп эле Райымбек илинген Атамбаев шайкасынын жалган жалаасына ишенип албоосу керек. Дагы кайталап айтам, генофондубузду тукум курут кылып алабыз, чет эл эмне дейт деп жашасак. Ошол жогорку бийликте отургандарга кеңеш берип жаткандар туура эмес кеңеш берип жатышат. Же, туура кеңеш берчү биз менен масилеттешпейт. Не кылмакчыбыз? Ак дуба, ак батабызды берип турабыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости