www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нурлан Насип элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон шоу-бизнес өкүлү. Жакында бул мырзанын бир тууган эжеси да ырчылык дүйнөсүнө кадам таштады. Дал ушул Элзада айымга ийгилик каалап, өзү, иниси тууралуу азыноолак кеп курдук, - деп жазып чыкты "Леди.kg" гезити.

- Элзада, ырдоо өзүңүздүн кыялыңыз беле же буга иниңиздин кандайдыр бир таасири тийдиби?

- Ырчылык менин балалык кыялым болчу. Окуучулук кезде мектеп, район аралык сынактарга катышып жүрчүмүн. Кийин турмушка чыгып, жашоо-шартка байланыштуу кыялым иш жүзүнө ашпай калган. Бирок кайсы жерге барбайын, каякта окубайын, ошол жердин сахнасынан түшчү эмесмин. Ырдаганымды уккандар “ырдап чыкпайсыңбы” деп көп айтышар эле. Анан жакында ойлонуп көрүп, 5-6-класс кезимде ырдап жүргөн эски чыгарманы Нурландын жардамы менен жаңылатып жаздырдык. Ошентип, ойдо жок жерден чыгармачылык чөйрөгө кирип бардым. Азыр баарын иним даярдап берип жатат. Ал эми “жол көрсөтөт, сизге жардамчы болот” деп Канат Кадыржанды сунуштаган.

- Сиздин ырдооңуз боюнча эл арасында жакшы пикирлер айтылып жатат. Мындайды күттүңүз беле?

- Чынын айтканда, мынчалык болуп кетет деп ойлогон эмесмин. Бир ыр жаздырып көрөйүнчү деген күмөн ой менен эле жаздыргам. Нурлан социалдык баракчасына мен ырдаган видеону киргизгенден кийин жакшы пикирлерди айткандар абдан көп болду. Алардын арасынан “ырдаса болот экен, үнү жагымдуу экен” дегендерди окуп алып ырдап чыксам болоруна ынандым.

- Убактыңыз тарып, ырчылыктын түйшүгүн тарта баштаптырсыз. Өзүңүзгө жагып жатабы?

- Мен 2013-жылдан баштап эле Нурландын жанында көп жүрүп калдым. Ошондо түнү менен иштеп келерин, көп жол жүрөрүн, кыйналып, чарчап келерин билчүмүн. Бирок аралашпагандан кийин сахнанын аркы бети кандай болорун көрчү эмесмин да. Эми болсо фотосессияга эле образ изденип ойлонгондо көзгө көрүнбөгөн түйшүктөрү көп экенин билдим.

- Жашоодо ар бирибиз эле бир боорубузга таянат эмеспизби, сиз иниңизден кандай колдоо таба алдыңыз?

- Ооба. Нурлан туугандарына абдан боорукер. Менин жолдошум каза болгондо балам эки жарым жашта болчу. “Балам жетим болуп калды” деп айтып жатсам: “Эжеке, жетим дебеңизчи, антип экинчи айтпаңыз, биз барда жетим болбойт” деп айткан. Айылдагы мектепте информатика сабагынан мугалим болуп эмгектенчүмүн, жолдошумдун каза болгонуна эки жылдай болгондо Нурлан өзү айылга барып: “Шаарга барып алаксып иштебейсизби, айылда болсоңуз ушинтип ыйлап-сыктап жүрө бересиз. Мен жардам берем”,- деп шаарга балам экөөбүздү алып келген. Ал кезде бойдок, батирде жалгыз жашачу. Ошого карабай балам экөөбүздү өзү камсыздачу. Жолдошум каза болгондон кийин такыр эле ырдабай калгам. Акыркы бир-эки жылдан бери дос-тууган арасында ырдап өзүмө келип баштагам. Ошону байкаган окшойт, “ырдоого каалооңуз барбы?” деп сурады. “Ооба, аябай ырдагым келет, ырымды жаздырып, кайра уккум келет” дегем. Ошентип, көп жылдан берки кыялымды инимдин жардамы менен минтип иш жүзүнө ашырып отурам.

- Сиз менен сырдашабы?

- Нурлан менден сегиз жашка кичүү. Мен мектепти аяктап жатканда кичинекей эле бала болчу. Жогорку окуу жайга тапшырып, андан соң турмушка чыгып кетип, Нурлан экөөбүз бала кезде көп чогуу болбой калдык. Бирок экөөбүз чогуу жашап калганда абдан жакын болуп калдык. Кыйналса, кубанса дагы биринчи мага айтып келчү. Анын жаңылыктарын биринчилерден болуп билчүмүн, менден кийин үйдөгүлөр угушчу. Азыр деле ушундай. Кеңеш керек болгондо же өзүнчө сүйлөшкүсү келгенде мага келет.

- Бала кезинде тентек болгон дешет...

- Нурлан кичинесинен эле кежир болчу, бир нерсени алам десе алчу, жетем десе сөзсүз жетчү. Нурландан кийинки сиңдим сегиз жылдан соң жарыкка келгенге абдан эрке, тентек эле. Апам менен атам бир жакка барса ээрчип, бакырып-өкүрүп ыйлачу. Биз колу-бутунан кармап эптеп алып калчубуз. Бирөө менен бир нерсе талаша кетсе, ыйласа дагы ошонусуна жетчү. “Ошол сапат деле турмушта керек турбайбы” деп азыр айтып калабыз. Баарынан эсимде калганы, мектептен келе жактанда сумкасын моюнга илип алып ырдап келер эле. Нурландын келе жатканын алыстан эле үнүнөн билчүбүз. Анан аябай таза бала болчу. Короо тазалаганда бир да жерин калтырбай аябай таза шыпырып чыкчу. Балдар кир болуп ойношот го, ал эми Нурландын кийимдерин таза бойдон жуучубуз.

- Иниңиздин “жылдыз оорусу” менен ооруган учуру болду беле?

- Экөөбүз чогуу жашаган жылдары Нурландын жылдызы жанып турган кези болчу. Ата-энем, мен дагы “жөнөкөй, кичипейил бол” деп отуруп-туруп эле айта берчүбүз. Мүнөзүнүн өзгөргөнү өзүбүзгө билинген жок дейин десем, сырттагы адамдардан деле “көөп кетти, бой көтөрдү” деген сыяктуу сөздөрдү такыр укканым жок. Кайсы жерде болбосун “ушунчалык жөнөкөй, кичипейил бала” деген алкыш сөздөрдү укчумун. Укканымды айтып “көрдүңбү, ушундай болсоң эл сени мындан да жакшы көрөт, ушунуңдан жазба” дечүмүн. Кудайга шүгүр, инимдин жакшы гана жактарын угуп жүрөм.

- Келиниңиз Асел Кадырбекова кандай келин? Анын үй жыйноо кызматынан пайдаланганын көрүп, үйдө жумуш кыларынан күмөн санагандар көп экен.

- Тааныш, кесиптештерим да ушул нерсени көп сурашат. Үйгө барсам күлүп-жайнап тосуп алат, ысык чайын берет, “эже” деп сыйлап турат. Айтор, бардык келиндердей эле үйүн жыйнап, кирин жууп, оокат-ашын кылып жүрөт. “Нурланга айта албасаңыз мага деле айтыңыз. Эмне жардам керек? Баары жакшыбы?” деп сураганда ичим жылып калат. Баламды да эркелетип, белектерин берип көңүлүн алып турат. Күнүмдүк тазалоону өзү эле кылат, үйдү толук жыйнатканга келгенде кээде кызматтан пайдаланып, жыйнаттырат. Бир келиндин бир чоң үйдү алып кетүүсү кыйын эле. Анан “келинмин” деп эле кечке үйдү жыйнап отура бербейт да, өзүнүн жумушу, максаттары болот. Буга менин көз карашым түз. Эгерде менин мүмкүнчүлүгүм болсо, мен деле андай кызматтардан пайдаланмакмын.

- Сиздердин үй-бүлөнү социалдык тармактан көргөндөр “Нурландын эжелери үйүнөн кетишпейт” деп ойлошот экен. Чын эле көп барасыздарбы?

- Ооба, муну өзүмө деле жазгандар болот. “Бирөөнүн үй-бүлөсү бирөөгө караңгы” дегендей, сырттан көрүп алып эле ичтен тон бычкандар аябай көп экен. Ата-энем ошол үйдө болгондон кийин кез-кезде барат экенбиз. Нурлан үйлөнүп, көкүрөк күчүгүбүз турмушка чыгып, тойдун шааниси менен эле баарыбыз чогулуп калып, үйгө конуп калып жаттык. Ошол убакыт элге көрүнүп калсак керек. Азыр белгилүү бир даталарда эле барбасак, биздин деле өзүбүздүн тиричилигибиз бар.

- Сиз да элдин мындай сындарына азыртадан даярданып жатасызбы?

- Мен өзгөчө сезимталмын. Кичинекей эле сөздү өзүмө алып жаман боло берем. Ооба, азыр ошол нерсеге даяр болушум керек деп жатам.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости