www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20-ноябрда Бишкектин чок ортосунда калаа тургундарына, андан кийин милиция кызматкерлерине бычак менен кол салган видео тараган.

Анда милициянын кандай иштегендигине коомчулук күбө болгон. Анда тартип сакчылары тургундарга, анан калса милицияга бычак менен тап берген адамды кармай албай убара болушкан. Ал жерде кокусунан пайда боло калган ИИМ министринин орун басары Алмазбек Орозалиев дагы жүргөн. Ошентип, бычагын көтөрүп алып жолго чыккан адамды үч милиция кызматкери, министрдин бир орун басары кармай албай, кадимки эле көчөдө бараткан жаран кылмышкерди жерге кулатып берген. Анда дагы тартип сакчылары бычакчан адамдын колуна кишенди кийгизе албай, ал ишке министрдин орун басары кийлигишип отуруп, араңдан-зорго кишен колуна салынган болчу.

Анан кызыгы кечээ Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов ошол окуядагы үч милиция кызматкерине ыраазычылык кагазын берип отурат. Мейли берсин, эч кимдин каршылыгы жок. Бирок, арачалап, өз өмүрүн тобокелге салып, кылмышкерди кармаганга көмөк көрсөткөн карапайым адам жок го? Ошого таң бердик.

Ал эми бүгүн интернетте дагы бир кызыктуудай видео тарап отурат. Ал тасманын каарманына дагы мэр Суракматов качан ыраазычылык кагазын берет деп отурабыз эми.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости