www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровдун бошотулушун колдогондордун саны күн өткөн сайын арбып барат. Муну Фейсбуктагы Жапаровду колдогондордун атайын баракчадан байкаса болот.

Анда Жапаровдун актыгын, анын акталышын талап кылган карапайым жарандан тартып, белгилүү кишилерге чейин өз пикирлерин билдирип келишет.

Алардын катарында режиссёр, сүрөтчү жана бир катар кыргыз кинолорунда мыкты образ жараткан актёр Садыр Сагынбаев дагы кечээ жакында “Адашым Садыр тез арада бошотулушу керек!”, -деген пикирин билдирген.

“Садыр Жапаровду көп жылдан бери колдоп келем. Акыркы жолу экөөбүз Москвада жолугуп сүйлөшкөн элек, ошондо көп ойлор менен бөлүшкөнбүз. Кудай буюрса жакшы күндөр алдыда!”, -деп жакшылыктан үмүт кылган.

Эске сала кетсек, "Айыпсыз абакта жаткан САДЫР ЖАПАРОВДУ колдоо" деп аталган элдик демилге түзүлгөн. Анда Жапаровду абактан чыгаруу үчүн президентке жолдоно туруучу документке жер-жерлерде жарандардын кол тамгасы чогултулуп жатат.

Айтмакчы, жогорудагы белгилүү инсан, Садыр Сагынбаев да ал документке өзүнүн колун койгону айтылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости