www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Стамбул шаарында өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу Жогорку Кеңеште убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү. Мындай чечим кечээ, 21-ноябрда кабыл алынды.

Бул депутаттык комиссияга КСДП фракциясынан Искендер Матраимов, Өмүрбек Бакиров, Сайдиломжон Жураев, Аалы Карашев, «Республика - Ата Журт» фракциясынан Мирлан Жээнчороев, Талант Мамытов, Закир Шарапов, «Кыргызстан» фракциясынан Данияр Төлөнов, Алмазбек Эргешов, «Өнүгүү-Прогресстен» Тынчтык Шайназаров, «Бир Болдон» Алтынбек Сулайманов жана «Ата Мекен» фракциясынан Алмамбет Шыкмаматов кирди.

Жогорку Кеңештин кечээки жыйынында “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Түркияда 10-ноябрда өлтүрүлгөн кытай ишкери Айеркен Саймаитинин маселеси боюнча атайын депуттаттык комиссияны түзүү боюнча сунуш киргизип, ал колдоо тапкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости