www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

21-ноябрь күнү кечки саат 9дар чамасында Сокулук районунун Күн-Туу айылына жакын жерде жеңил автоунаа трактордун прицебине урунуп, мунун айынан бир адам көз жумду. Бул тууралуу Чүй облустук ОИИББинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

“Бишкек — Күн-Туу унаа жолунун алтынчы чакырымында батышты көздөй бара жаткан Volkswagen Passat автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай, алдыдагы трактордун прицебине урунган”, —деп айтылат маалыматта.

 Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашкандай, бул кырсыкта жабыркаган үч адамдын бирөө жолдо көз жумган, калган эки адам Бишкек шаардык №4 ооруканасына жеткизилген.

“Кырсыктан үч адам жабыркап, бирөө ооруканага жетпей үзүлгөн. Экөө учурда Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жаткырылды. Биринин абалы оор, башынан жаракат алып жандандыруу бөлүмүндө. Экинчисинин абалы туруктуу, палатада”, — деп айтылат маалыматта.

Башкармалыктан учурда кырсыктын чоо-жайы такталып жатканын, кошумча маалымат берилерин билдиришти.

Булак: NazarNews.kg  

 

Последние новости