www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Назарбаев бийликтеги жигердүү ишин улантуунун себептерин атап өттү.

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев пенсия курагына келсе дагы бийликтен алыстай албай жатканын жана көз жума карап отура албаганын айтты. Бул тууралуу ал жергиликтүү ЖМКларга берген маегинде билдирди.

“Менин жашымда бардыгынан алыстагың келип калат, бирок андай кылуу колумдан келбейт. Анткени, мени менен иштешүүгө, жолугууга үзгүлтүксүз каттар түшүп турат. Менин оюмча бул жакшы нерсе. Мээ иштеп туруу үчүн бир нерсе менен алек болуп туруш керек ... ” , - деди ал.

Эске салсак, Нурсултан Назарбаев дээрлик 30 жыл бийликти башкарып, 2019-жылдын март айында Казакстандын президенттигинен кеткен. Ошол эле учурда, ал өмүр бою Казакстандын Коопсуздук Кеңешинин башчысы жана бийликтеги “Нур Отан” партиясынын төрагасы бойдон калууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости