www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү пунктунда автоунаалардын тыгыны жаралганын айтып, бирок абал туруктуу экенин билдирди.

Чек ара кызматы бардык пунктулар кадимки тартипте иштеп жатканын белгиледи.

"Ак-Тилек" пунктунда автоунаалардын тыгыны бар. Азыркы тапта 119 жүк ташуучу унаа кезек күтүп турат. Мындай көрүнүш айрыкча дем алыш жана базар күндөрү көп болот", — деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматы Кыргызстандын аймагына жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө жок экенин белгилеп, жеңил автоунаалар менен жөө адамдар тоскоолдуксуз өтүп жатканын кошумчалады. Ал эми башка өткөрүү-көзөмөл пунктуларында мындай тыгын катталган эмес. Атайын кызмат айдоочуларды абалды түшүнүү менен кабыл алууга чакырып кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости