www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругуна ылайык,  эми маданият мекемелеринде тартууланып жаткан концерттердин афишаларында жана билеттеринде «Жандуу үн» же «Фонограмма менен» деп милдеттүү жазылышы керек. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

«Бул буйрук Кыргыз Республикасынын «Фонограммалар жөнүндөгү» мыйзамын аткарууга жана керектөөчүлөрдүн (көрүүчүлөрдүн, угуучулардын) укуктарын коргоо жана музыкалык искусствону өнүктүрүү максатында, ошондой эле, чыгармачылыкка ынтызар болгон аткаруучулардын дараметин өнүктүрүүгө, аларды калың катмарга таанытуу багытын көздөп ишке ашып жатат», - деп билдирди Нуржигит Кадырбеков.

Мыйзамдын 4-беренесинин 3-пунктуна ылайык, фонограммалардын түрлөрүн билеттерде, афишаларда, жарнактарда жана башка нерселерде көрсөтпөстөн, маданий-массалык иш-чараларда музыкалык чыгармаларды аткаруучулардын кызмат көрсөтүүсүнө жол берилбейт.

Белгилей кетсек, буга чейин Маданият министрлигинде фонограмманы колдонуу ыкмасы, анын таасири жана жандуу үн темасы  кыргыз маданиятынын бир катар өкүлдөрүнүн катышуусу менен талкуу болуп, ал колдоо тапкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости