www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рахат Сулайманов: “5-каналдын

“5-канал” ЖАКтын башкы директору 74 миң сом маяна алат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу 3-февралда 5-каналдын башкы директору Рахат Сулайманов билдирди.

--«Бүгүнкү күндө бюджеттик каражаттарды пайдаланууну оптималдаштыруу максатында каналдын жетекчилиги тарифтик сетканы кайра карап чыкты. Буга байланыштуу, чыгармачыл топ сыяктуу эле, башкаруу тобунун эмгек акысы 20дан 45% га чейин төмөндөдү. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, 2021-жылдын февраль айынан бери жетекчиликтин жана башка кызматкерлердин эмгек акысы Жогорку Кеңештин профилдик комитетинде жарыялангандан кыйла аз бекитилген. Учурда 5-канал жаңы контентти түзүү үстүндө иштеп жатат », – деп жооп берди.

Сулайманов учурда анын айлыгы 40 миң сомдун тегерегинде экендигин айтты.

Буга чейин парламент депутаттары “Пирамида” медиа-холдингин жана “Бешинчи канал” ЖАКты ар бир телеканалга 20 миллион сомдон каржылоо маселесин карашкан. Талкуу учурунда Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Ильязбек Балташев 5-каналдын башкы директору 74 миң сом маяна алаарын айткан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости