www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чет элдик адистердин тез арада Кыргызстанга киришин камсыз кылуу көптөгөн инвестициялык долбоорлорду жандандырууга мүмкүндүк берет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиевге таянып, өкмөттүн маалымат кызматы жазып чыкты.

«Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу дүйнө жүзү боюнча чет өлкөлүк жарандардын кыймылына чектөө киргизилген. Көпчүлүк адистер ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген өлкөлөргө келе албай калышты. Мындай абал Кыргызстанда дагы болду. Азыр көпчүлүк долбоорлор токтоп турат, алардын ишин жандандыруу биз үчүн өтө маанилүү. Чет өлкөлүк адистердин биздин өлкөгө кайтып келип, ишин улантаары биздин кызыкчылыгыбызда», - деди вице-премьер-министр.

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун куруу боюнча Кытай Эл Республикасы менен түзүлгөн эки тараптуу макулдашууну жүзөгө ашыруунун алкагында июнь айында чартердик рейс менен Бишкек шаарына чет элдик адистердин келиши күтүлүүдө. 

Белгилей кетүүчү жагдай, жогоруда аталган рейстерге чет элдик адистерди кабыл алуу коронавирус инфекциясынын бар-жогу текшерилип, анын жыйынтыгы боюнча гана жүргүзүлөт. Тагыраак айтканда, бул рейстердин бардык жүргүнчүлөрү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык обсервацияга жаткырылып, текшерилет. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости