www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаалга түшүндүрмө берди.

Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, Аксынын Авлетим айыл аймагынын Дейрес айылынын тургундары Өзбекстандын аскер кызматкерлери чек арага жакын жерге инженердик курулмаларды орнотуп жатканын маалымдап, тынчсызданышкан.

"Бул участок Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы 2017-жылдын 5-сентябрындагы келишимине ылайык, делимитация процедурасынан өткөн. Буга байланыштуу аймактагы инженердик иштердин аткарылышы Кыргызстандын бүтүндүгүн бузууга жатпайт", — дешти өкмөттөн.

Өзбекстан тараптан пландаштырылып жаткан инженердик жумуштар, келишимге ылайык, кошуна өлкөнүн аймагында 10 метрден 30 метрге чейин жүргүзүлөт.

Мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү биргеликте 2-декабрда Аксы районунун Авлетим айыл аймагындагы Дейрес айылынын тургундары менен жолугушуу өткөрүп, кырдаал боюнча түшүндүрүү ишин жүргүзүшкөн.

Калкка маалыматтык-түшүндүрүү иштери мындан ары дагы туруктуу жүргүзүлүп турары, учурда айылда абал туруктуу экени белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости