www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирус пандемиясы учурунда ишсиз жана акчасыз калган жарандарды убактылуу иш менен камсыздоону сунуштап жатат.

Кандай жумуштар сунушталат:

мектеп, бала бакча, китепкана, оорукана, маданият жана спорт мекемелерин оңдоо;

эл каттоо, социологиялык иликтөөлөр;

архитектуралык эстеликтерди, музей комплекстерин, социалдык-маданий объектилерди реконструкциялоо;

эс алуу, туризм, токой чарбаларды жашылдандыруу;

суу, газ түтүктөрү, канализация сыяктуу коммуникациялык каналдарды жана жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоо;

айыл чарбасындагы сугат иштери;

айрым аймактардагы ишсиз калкка кызмат көрсөтүү (агент катары) жана башка иштер.

Ошондой эле программага ишсиз катары каттоодо тургандар дагы катыша алат. Жарым жылдан бери ишсиз жүргөн жана бойго жете элек үчтөн ашык баласы барларга артыкчылык берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости