www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын өкмөтү Кара-Балта уран комбинатындагы кайра иштетүүгө уруксат сурады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда премьер-минстр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Ал белгилегендей, минстрлер кабинети өлкөдө уран иштетүүгө каршы токтом кабыл алган.

“Мыйзам долбооруна торий иштетүү да камтылган. Биздин кесипкөйлөр торийди кайра иштетүүгө уруксат сурашууда. Андан тышкары, Кара-Балта комбинаты уранды иштетүүгө багытталган. Алар азыр уранды Казакстандан алып келишүүдө. Биз комбинатка кайра иштетүүгө уруксат берүүнү сунуштайбыз”, - деп айтты өкмөт башчы.

Парламенттин депутаты Алмамбет Шыкмаматов, долбоордун авторлору уран менен торийди кайра иштетүүгө жана казууга толук тыюу салгандыгын билдирди. “Казакстан бул жакта уранды иштетип даяр азыкты алып чыгып кетишет экен, ал эми таштандылары бизде калууда”, - деп айтты ал.

Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости