www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Октябрь районунда шахмат боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогунун райондук этабы 9-октябрда өтөт. Мелдеш район башчысынын Кубогу форматында уюштурулат.
Райондук администрациянын маалыматына караганда, мелдешке 6 жаштан 18 жашка чейинки жаш шахматчылар катыша алат. Катышуучулар 6, 8, 10, 12, 14, 16 жана 18 жашка чейинки курактык категориялар боюнча күч сынашат.
Мелдеш №39 жалпы билим берүүчү орто мектебинде өткөрүлөт. Катышуу үчүн 7-октябрь саат 12:00гө чейин катышуучунун аты-жөнү, туулган жылы, жашаган жери жана байланыш телефону көрсөтүлгөн арыз жөнөтүү зарыл.
Президенттин шахмат боюнча Кубогу үч этапта өткөрүлөт. Биринчи этапта райондук администрациялардын башчыларынын жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринин Кубогу уюштурулат. Райондук этаптын жеңүүчүлөрү кийинки баскычтарга катышууга мүмкүнчүлүк алышат.
Мелдеш Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026–2030-жылдарга Кыргызстанда шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу боюнча чаралар жөнүндөгү жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өтүүдө.
Кошумча маалыматты спорт боюнча улук инструктор Токтосунов Алтынбектен 0773 505 063 телефону аркылуу алууга болот.