www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева уюшкан кылмыштуу топтордон мамлекетке кайтарылган мүлктөр айрым мамлекеттик кызматкерлер тарабынан кайра менчиктештирилип жатканына сын айтты.

«Кылмыштуу топтордон алынган оокаттарды мамлекеттик кызматта жүргөн адамдар өздөрүңөр бөлүп алып жатасыңар, менчиктештирип алып жатасыңар, ыңгайлуу баа менен сатып алып жатасыңар. Кимде бийлик болсо, ошолор гана пайдаланып жатышат. Муну менен кантип күрөшөсүңөр?» — деди депутат парламентте.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директору Бексултан Токонов мүлктөр ачык аукцион аркылуу сатыларын айтып, тиешелүү механизмдер мыйзам долбооруна киргизилгенин билдирди.

Последние новости