www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Түндүк-Чыгыш» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Европадан ташылып келинген Volvo FH жана DAF XF 480 үлгүсүндөгү эки жүк ташуучу унаага байланыштуу мыйзам бузуу фактылары аныкталды.
Бажылык көзөмөл жүргүзүү учурунда унаалардын коштомо документтеринде алардын чыгарылган так даталары көрсөтүлбөгөнү белгилүү болгон.
Адистештирилген экспертизанын жыйынтыгына ылайык, Volvo FH үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа 2019-жылдын январь айында, ал эми DAF XF 480 үлгүсүндөгү унаа 2019-жылдын 15-июлунан 21-июлуна чейинки аралыкта чыгарылганы аныкталган. Алардын кыймылдаткычтарынын көлөмү тиешелүүлүгүнө жараша 12 800 жана 12 900 куб сантиметрди түзгөн.
Эки транспорт каражаты боюнча төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн жалпы суммасы 3 млн 253 миң 354 сомду түзгөн.
Материалдар белгиленген тартипте МЭЖ КБРге катталып, тиешелүү процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн МБКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.
Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы толугу менен мамлекеттик бюджетке өндүрүлгөн.