www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда токой экосистемаларын коргоо, калыбына келтирүү жана туруктуу башкаруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Токой кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыл сайын республика боюнча 2 миң гектардан ашык аянтта токой өстүрүү жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, 1 миллионго жакын көчөт отургузулат.
Ошондой эле мамлекеттик токой фондунун аймактарында 3 миң килограммга жакын токой үрөнү себилет.
Токойлорду коргоо багытында мыйзам бузуулар аныкталган учурда тиешелүү чаралар көрүлүп, жаратылышка жана токой ресурстарына келтирилген зыянды өндүрүү иштери жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, токой өрттөрүнүн алдын алуу үчүн токой чарбаларында атайын ыкчам топтор түзүлүп, алар зарыл болгон шаймандар жана жабдуулар менен камсыздалууда.
Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жана өрт чыккан учурда аны өз убагында аныктап, ыкчам өчүрүү боюнча профилактикалык иштер да үзгүлтүксүз өткөрүлөт.
Токой кызматынын маалыматына караганда, токойлордогу илдеттерге жана зыянкечтерге каршы күрөшүүдө экосистемага тийгизген таасири эске алынып, негизинен химиялык эмес, биологиялык ыкмалар колдонулат.
Бул ыкмалар токой экосистемаларындагы табигый тең салмактуулукту сактоого багытталган.