www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Мадина» базарында болгон өрттөн жабыркагандарга компенсация төлөнүп жатканы тууралуу маалыматтар тараган. Бишкек мэриясы бул боюнча учурда тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Мэриянын маалыматына караганда, Свердлов райондук администрациясы өрттөн келтирилген зыяндын алдын ала көлөмүн эсептеп, маалыматтарды укук коргоо органдарына өткөрүп берген.

Учурда окуя боюнча тергөө иштери уланууда. Анын жүрүшүндө өрттүн келип чыгуу себептери, окуянын жагдайлары жана жооптуу адамдар аныкталууда.

Мэрия жабыркагандарга компенсация төлөө боюнча акыркы чечим чыга электигин белгиледи. Төлөмдөрдүн көлөмү жана тартиби тергөө жана текшерүү иштери аяктап, келтирилген зыяндын так суммасы аныкталгандан кийин каралат.

Последние новости