www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1–4-октябрь күндөрү Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар жаашы күтүлүүдө. Айрым ашууларда жол тайгак болушу мүмкүн.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти.

Кооптуу аба ырайына байланыштуу төмөнкү ашууларда жол жүргөн айдоочуларга унааларынын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу сунушталат:
Бишкек–Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел;
Суусамыр–Талас–Тараз жолундагы Өтмөк;
Каракол–Эңилчек жолундагы Чоң-Ашуу;
Балыкчы–Жалал-Абад жолундагы Көк-Арт ашуулары.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында ЖКККББнын кызматкерлери аталган тилкелерде күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт.

Айдоочуларга жолго чыгар алдында унаанын техникалык абалын текшерип, ылдамдыкты азайтуу, коопсуз аралыкты сактоо жана жол белгилеринин талаптарын аткаруу эскертилди.

Аба ырайы кескин өзгөргөн учурда зарылчылык болбосо алыскы сапарларды кийинкиге жылдыруу сунушталат.

 

 

 

 

Последние новости