www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук илимдер академиясынын президенти Канат Абдрахматовдун айтымында, 26 миң жыл мурда көл азыркыдан көлөмдүү болуп, Боом капчыгайына чейин жеткен. Санай келгенде, бул 34 чакырым болчу. 

"Мурда Чу дарыясы Ысык-Көлгө куюлгандыктан суунун деңгээли жогору эле. 1894-жылдан кийин дарыя нугун өзгөртүп, көлгө кошулбай, жээктен кескин алыстай баштаган. Ал эми 1984-жылдан бери аз-аздап өзгөрүп турса да, жалпысынан, көлөмү сакталып турат. Көл толугу менен жок болуп кетет деген коркунуч азырынча жок", – деди окумуштуу.  

Окумуштуу дагы төмөнкүлөрдү белгиледи:

- Суунун азайышы. Мурда Ысык-Көлгө 88ге жакын дарыя, көлмөлөр куюп келсе, азыр алардын саны 30–33кө кыскарган. Суунун көп бөлүгү сугатка жумшалат жана майнапсыз пайдаланылат.

- Техникалык чечим. Чу дарыясынын нугун кайра көлгө буруу техникалык жактан мүмкүн жана анча татаал эмес. Бирок бул долбоорду ишке ашыруу кылдат изилдөөнү талап кылат, анткени бүт Чүй өрөөнүн суу менен дал ошол Чу камсыздайт.

- Мөңгүлөрдүн эриши. Көлөмү кичине мөңгүлөр дээрлик жок болуп кеткен. Эгер бул процесс уланса, Ысык-Көлдүн көп айылдары суусуз калышы мүмкүн. 
 

Последние новости